01.03.2019 10:44

Депутат Кыргызстандын облустарын өнүккөн өлкөлөрдүн башкаруусуна берүүнү сунуштады (видео)

Депутат Кыргызстандын облустарын өнүккөн өлкөлөрдүн башкаруусуна берүүнү сунуштады (видео)

Депутат Акылбек Жапаров Кыргызстандын облустарын өнүккөн өлкөлөргө бөлүп берүүнү сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү жергиликтүү маалымат каражаттарына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан такай чет өлкөлөрдөн жана ири эл аралык уюмдардан грант жана насыя түрүндө каржылык колдоо алат, бирок бул каражаттар бардык секторлордун ортосунда бирдей бөлүшүлбөйт.

«Мен Японияга бир облусту өнүктүрүү үчүн берели деп сунуштап жатам. Баткен же Нарын облусун берели дагы, Япония бир эле облусту көтөрүп чыксын. Жолун, саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагын, айтор баарын Япониядагыдай татынакай кылып чыкпайбы? Америка дагы бир облусту алсын. Россияны кошкондо 6 өнүккөн өлкөгө облустарды бөлүп койбойлубу? Андан ары майдаланалы десек, бизде 40 элчилик бар. Ошол 40 элчиликке 40 районду берели. Кыргыздар ичибизди тарытпай, ошол облустарга колдоо көрсөткөн Япониянын, Германиянын же Орусиянын желегин илип коёлу. Алар ошол аймактын  адамдарына төрөлгөндөн - өлгөнгө чейин жардам беришсин. Бул боюнча сунуш кылып көрөйүн дедим. Сунуш өтпөсө мыйзам жазайын деп жатам», - дейт Жапаров.